Site icon Reporter.kg

Бишкек бийлиги жумушсуздарды кесипке үйрөтүүгө акча бөлөт

Бишкек шаарындагы жумушсуздарды кесипке үйрөтүүгө 3,6 млн сом жумшалат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы жарыялады. Cынакты Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жарыялаган.

Жумушсуздарды төмөнкү багыттар боюнча окутуу пландалууда:

Сынактын катышуучусунун жумушсуз жарандарды окутууда үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген билим берүү ишин жүргүзүү укугунун лицензиясы, окуу процессин ишке ашыруу үчүн шарттар, билим берүү тармагында көзөмөлдүк стандарттар болушу керек (лицензияга тиркемелер).

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version