Бишкек шаарынын 12-кичи районунда бир аял жаңы жылдык балатыны уурдап кетти. Бул туурасында маалыматтар социалдык тармакка тарады.
Айрым маалыматтарга караганда желим балаты жаңы жылдык жасалгаларга шөкөттөлгөн. 14-ноябрь түнү саат 02:48 чамасында окуя болгон.
Жергиликтүү тургундардын видео байкоочу аппараттарына дал ушул жараян толугу менен түшүп калган. Анда аял келет да, балатынын үстүндөгү карды күбүп туруп алып кетип калат.