Site icon Reporter.kg

Бишкекте 9 мектептин окуучулары эвакуацияланды

Бүгүн, 20-апрелде Бишкектеги 9 мектепке бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, болжол менен саат 07:29да «102» кызматына №33 мектептин электрондук почтасына бомба тууралуу кат келгени жөнүндө маалымат түшкөн.

Буга байланыштуу жерине тергөө-ыкчам тобу барып, мектептин аймагы курчоого алынып, окуучулар менен мектептин кызматкерлери эвакуацияланган.

Андан тышкары, бомба тууралуу маалыматтар № 64, 52, 67, 62 32, Бишкектеги эл аралык мектеп, «Оксфорд» жана «Сейтек» менчик мектебинин электрондук почтасына келип түшкөн. Учурда жеринде тиешелүү кызматтар иш алып барууда.

Кийинчерээк кошумча маалымат берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version