Site icon Reporter.kg

Бишкек: Ботаникалык бактан аялдын сөөгү табылды

Бишкектеги ботаникалык бактан аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

19-октябрь күнү саат 12:00 чамасында жерине ыкчам-тергөө тобу барып, М.М. аттуу аял кишинин жансыз денесин табышкан. Сөөккө соттук-медициналык экспертиза жасалып, учурда өлүмдүн келип чыгуу себеби такталууда.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иши башталды.

Exit mobile version