Site icon Reporter.kg

Бишкек: Ботаникалык бакчада өрт чыкты

Бишкек шаарынын  Иса Ахунбаев көчөсүндөгү ботаникалык бакчанын аймагында куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы катталган дарекке саат 14:12де Октябрь райондук №5 өрткө каршы бөлүмдөн 1 бөлүм, кошумча саат 14:33тө Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо 15:02де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Exit mobile version