Бишкек шаарынын тургундарын бычак такап коркутуп менен тоноого шектелип үчөө кармалды. Бул туурасында Свердлов райондук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга кайрылуу 4-декабрда келип түшкөн. Шаар тургунун 4-декабрда саат 20:30 чамасында көчөдөн белгисиз адамдар бычак такап коркутуп телефонун, 168 миң сомун тартып алышкан. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.
Сотко чейинки тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 29 жаштагы, 37 жаштагы жана 28 жаштагы жарандар кармалды.
Учурда алар убактылуук армоочу жайда, тергөө амалдары улантылууда.