Бишкек-Чолпон-Ата багыты боюнча кошумча 20 кичи автобус, 8 автобус даярдалды. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыктан билдиришти.
Маалыматка караганда, каттам Ысык-Көлгө каттаган жарандардын жана туристтердин саны көп болгондуктан уюштурулган.
«Бишкектеги автобекеттерде Ысык-Көлгө каттаган жеңил унаалардын жана маршруттук унаалардын жетишсиздигине байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы дагы кошумча маршрттук унааларды уюштуруп, жүргүнчү ташуучу фирмалардан 20га жакын маршруттук унааларды жана 8 автобустарды сүйлөшүү жолу менен алышып, Бишкек-Чолпон-Ата каттамына киргизишти. Ошондой эле каттамга чыккан айдоочулардын кан басымы текшерилип, авто унаалардын техникалык абалдары көзөмөлдөнүүдө», — деп жазылат маалыматта.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалы жарандардын жана туристтердин Ысык-Көлгө баруусуна толук кандуу шарттар түзүлгөн жана айдоочулардын өз алдынча жол кире акыларын көтөрүүгө жол берилбей турганын эскертет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз