Site icon Reporter.kg

Бишкек: Чоң Чүй каналынан изделип жаткан жарандын сөөгү табылды

Бишкекте Чоң Чүй каналынан изделип жаткан 59 жаштагы жаран бүгүн Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынан табылып, сөөгү Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, таң эрте издөө ишин жүргүзүү максатында 22 куткаруучусу тартылган.

Эске салсак, 29-июнь күнү борбор калаанын Свердлов районундагы А.Орозбеков көчөсүндө 1963-ж.т. Ш.Р. аттуу жаран Чоң Чүй каналына түшүп жатып, сууга агып кеткен.

 

Exit mobile version