Site icon Reporter.kg

Бишкек: Эртең ИИМдин имаратынын алдына митинг болот

Эртең, 10-январь күнү саат 12:00 Бишкекте Ички иштер министрлигинин имаратынын алдына митинг болот. Бул тууралуу Кемпир-Абад маселеси боюнча камакта жаткан Илгиз Шаменовдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, Кемпир-Абад иши боюнча камактагы активист, саясатчыларды колдоо тынчтык митинги өтөт. Акциянын максаты мыйзамдуулукту талап кылуу.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

13-декабрда да сот болуп аларды 20-февралга чейин абакта калтырды.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version