Кечээ, 8-апрелде «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек-Худжанд-Бишкек багыты боюнча биринчи коммерциялык каттамын ийгиликтүү аткарды. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын жетекчиси Мамсбек Самудинов билдирди.
Анын айтымында, Бишкек-Худжанд-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар 8-апрелден тартып жума сайын шейшемби күндөрү аткарылат.
Белгилей кетсек, келечекте каттамдарды жумасына 2 жолу аткаруу пландаштырылууда.
Билеттерди компаниянын asmanairlines.kg расмий сайтынан же, App Store, Google Playден asmanairlines.kg тиркемесин көчүрүп алып сатып алса болот.
«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы менен байланыш номерлер: 0705 25 16 00, 0999 25 16 00, 0312 25 16 00