Site icon Reporter.kg

Бишкек: Инспекторду сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

УПСМ

Бишкекте 17-январда саат 08:00дөр чамасында жол кырсыгы катталды. Бул маалыматты Reporter.kg’ге Патрулдук милициянын басма сөз кызматы тастыктады.

«Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа Гагарин көчөсү менен чыгып, Чыңгыз Айтматов проспектисин көздөй солго бурулуп, аталган тилкеде жолду жөнгө салып жаткан Патрулдук милициянын инспекторун сүзүп кеткен. Айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен.

Бир аз убакыттан кийин айдоочу табылып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Exit mobile version