Site icon Reporter.kg

Бишкек: Көлмө жаңы конушундагы кампадан өрт чыкты

Бишкектин Көлмө жаңы конушундагы кампадан өрт чыкты. Өрттү өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бригадасы тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт Жаз көчөсүндөгү кампалардын биринен чыккан. Өрттү өчүрүүгө 7 өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Өзгөчө кырдаал болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр ишин улантууда.

Кошумча маалымат берилет.

Exit mobile version