Бишкек коменданты географияны мыкты билген үй-жайы жок кишиге жардам берет

Бишкек коменданты географияны мыкты билген үй-жайы жок кишиге жардам берет

Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев социалдык тармакта дүйнө мамлекеттеринин шааарларын жатка билип, география жаатындагы билими менен көпчүлүктү таң калтырган үй-жайсыз кишини издеп жатат.

Бул тууралуу коменданттын өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына жарыяланды.

“Мен дагы мектепте география сабагын жакшы көрчүмүн. Биздин балдар дагы бул сабакты жакшы өздөштүрүшүн каалайм. Бул үй-жайы жок адамдын энциклопедиялык билими мени таң калтырды. Видеосун көрүп ага баа бердим.  Урматтуу достор, бул кишинин жүргөн жерин билгендер болсо комментарийге жазып койсоңуздар. Ага азык-түлүк берип, колдоо көрсөтмөкпүз», — деп жазган Орозалиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>