Site icon Reporter.kg

Бишкек коменданты сулуулук салондорунун иши тууралуу билдирүү жасады

Бүгүн, 26-апрелде Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев сулуулук салондору, чач тарачтардын ишмердүүлүгү тууралуу  билдирүү жасады.

Ал чач тарачтар 1-майдан тарта иштеп баштайт деген жалган экенин айтып, буларга токтолду.

«Азыр чач тарачтардын иштөөсүнө уруксаат берүү эрте. Мындай такталбаган маалыматтар менен элди дүрбөтүүнүн кереги жок. Мунун бары эпидемиялык абалга жараша болот. Ушул өңдүү ушак сөздөргө чекит коюш керек», — деди комендант.

Буга чеийн Бишкек коменданты эгер өзгөчө абал режиминин мөөнөтү дагы узартылса, кайсы ишканаларга жана кимдерге иштөөгө уруксат берилерин айткан.

Анын айтымында, биринчи кезекте жарандар күнүмдүк оокатын таап иштеген тармактардын иши жанданат.

“Абалды анализдеп чыктык. Эгерде карантин уланса курулуш тармагы, автоунаа оңдоочу жайлар, вулканизация, такси кызматтары иштеши керек. Бирок таксиде экиден ашык киши болбой, жарандар беткап тагынып, ортодогу аралык сакталышы абзел.Эң башкысы санитардык-эпидемиологиялык эреже сакталышы керек”, – деген Орозалиев.

Exit mobile version