Бишкек шаарынын мэриясында мэр Айбек Жунушалиев менен КПКнын райондук комитетинин төрагасы жана Шуньи районунун Бириккен фронт бөлүмүнүн башчысы Ли Зайдун мырза баштаган Пекин шаарынын Шуньи районунун делегациясынын жолугушуусу болуп өттү.
Мэриядан билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө мэр “Бир алкак, бир жол” демилгесинин алкагында инвестиция тартуу приоритеттүү багыт болуп, Бишкек бул процесстерге активдүү катышып жатканын белгиледи. 2024-жылы эле тартылган инвестициянын көлөмү 1 млрд долларды түздү.
Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясы менен Мулинг жана Мапо шаарларынын (Пекин шаарынын Шуньи району, КЭР) элдик өкмөттөрүнүн ортосунда кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюлду. Документтер экономиканы өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу, инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, анын ичинде соода жана коммерциялык инфраструктураны өнүктүрүү жана эксплуатациялоону карайт.
Тараптар конструктивдүү диалогду улантуу ниетин ырасташты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз