Site icon Reporter.kg

Бишкек: Lexus RX жөө өтмөктөн кишини өлтүрө сүздү

Lexus RX 350 унаасынын айдоочусу жөө өтмөктөн кишини өлтүрө сүзүп, кайра жол жээгинде токтоп турган Мercedes үлгүсүндөгү унаага урунуп токтогон. Бул туурасында маалымат социалдык тармактарга жарыяланды.

Ал маалыматтарга караганда, окуя Жукеев-Пудовкин жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 14-октябрь күнү болжолду 23:00 болгон.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Эки унаа айып короосуна токтотулган.

Ал эми инстаграмдагы oppa.kg баракчасына видео жарыяланган.

Exit mobile version