Учурда Бишкектеги медициналык мекемелерде коронавируска чалдыккандар үчүн бош 124 керебет бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Кошумча маалыматты ооруканалардын картасы жарыяланган сайттан алууга болот.
8-апрелге бош орундар:
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы — 109;
№2 клиникалык төрөт үйү — 15.
Расмий маалыматтар боюнча, 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда пневмония жана COVID-19 оорусунун 200 969 учуру катталган.