Site icon Reporter.kg

Бишкек: Мейманканадан аялдын сөөгү табылды

осторожно, фото

16-январь күнү Бишкектин Павлов көчөсүндөгү жеке мейманканалардын биринен 50-55 жаштагы азиат улутундагы аялдын зомбулук менен өлтүрүлгөндүгү байкалбаган аялдын сөөгү табылган. Бул туурасында Ленин райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда,  милиция тарабынан бул факты электрондук журналга катталган.

Белгилери:  бою 165-170 см, арыкчырай, мурду түз, бети сүйрү, чачы кара, кашы түз.

Өзгөчө белгилери:  үстүнкү жаактын оң жагында 5-тиши жок, калгандары толук.

Кийген кийими: көк түстөгү футболка, кызгылт шым.

Милиция: «Урматтуу жарандар, табылган аялдын сөөгүн таанууга көмөк көрсөтүүңүздөрдү суранабыз. Сүрөттөгү аял тууралуу кандайдыр бир маалыматы барлар төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар: 0 (312) 352-605, 0 (705) 450-553, 0 (551) 088-330, 0 (553) 102-465 жана 102″.

Exit mobile version