Site icon Reporter.kg

Бишкек мэри Азиз Суракматов отставкага кетүү тууралуу арыз жазды

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов отставкага кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу айрым ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазып чыкты. 

Ага ылайык, Азиз Суракматов отставкасы тууралуу бүгүн саат 14:00дө расмий билдирүү жасай турганы кабарланды.

Бул маалыматты мэриянын басма сөз кызматы тастыктаган да четке каккан да жок.   

Бирок саат 14:00догу маалымат жыйынга Суракматов өзү катышаарын билдиришти. 

Мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова болсо Суракматовдун отсавкага кетүү тууралуу арыз жазгандыгын ырастады.

Такталбаган маалыматтарга ылайык, борбор калаага Нариман Түлеев башчы болоору күтүлүүдө. Ал биринчи вице-мэри болуп бүгүн эле дайындалган. 

 

 

Exit mobile version