Бишкек мэри Балбак Түлөбаев Казакстандын элчиси менен жолукту  — сүрөт

Бишкек мэри Балбак Түлөбаев Казакстандын элчиси менен жолукту  — сүрөт

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисов менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Бишкек шаарындагы коомдук-саясий абалды талкуулашкан. Ошондой эле Түлөбаев шаар бийлигинин пандемия учурунда аткарган иштерин айтып берген. 

Мындан сырткары Бишкек мэринин милдетин аткаруучу бир тууган-шаарлар, өнөктөш-шаарлар ортосунда, анын ичинде айрыкча Нур-Султан жана Алмата шаары менен алаканы дагы жакшыртуу зарылдыгын белгилеген.   

[su_image_carousel source=»media: 49247,49248,49249,49250,49251″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>