Бишкек мэри: бет капсыз жүргөндөргө 5000 сомго чейин айып пул салынат

Бишкек мэри: бет капсыз жүргөндөргө 5000 сомго чейин айып пул салынат

Бишкек шаарында бет кап тагынбай жүргөн жарандарга айып пул салынт. Бул тууралуу шаар башчысы Азиз Суракматов 11-май күнү брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында 3-апрель күнү санитардык-карантиндик эрежелерди бузгандарга карата катаал чара колдонуу боюнча Жоруктар кодексине өзгөртүүлөр киргизилген.

Ага ылайык, санитардык нормаларды бузуп, бет капсыз жүргөндөргө 1000 сомдон 5000ге чейин айып салынат. Ал эми карантиндик эрежелерди бузгандарга 1000 сомдон 180 миң сомго чейин айып пул салынат.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясынан улам 25-мартта киргизилген өзгөчө абал режими 11-майдан тартып алынды.

11-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1016 адамдан табылды, алардын 12си кайтыш болсо 688 адам айыгып чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>