Site icon Reporter.kg

Бишкек мэри «Жер-Ынтымагы» конушунун тургундары менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев “Жер-Ынтымагы” конушунун тургундары менен жолугушуп, жер мунапысы маселеси боюнча ой бөлүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө санитардык зонада жайгашкан жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселеси көтөрүлүп, шаар башчысы бул маселе турак жайларды сатууга жана багытын өзгөртүүгө карата кепилдик милдеттенмелерин жана чектөөлөрдү эске алуу менен каралышы керектигин белгилеп, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Маалымат үчүн: Бишкек шаарынын мэриясынын 2000-жылдын 18-сентябрындагы №637 токтомуна ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу 69,0 гектар сугат айыл чарба жерлери жана аймагы 20 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген. Бирок ал участок өздөштүрүлбөй калып, 2013-жылдан баштап ал жерде өз алдынча турак жайлар курула баштаган.

Бүгүнкү күндө “Жер-Ынтымагы” аймагында 1165 жер тилкеси катталган.

Жер мунапысынын алкагында жеке менчик укуктарын ыйгаруу боюнча маалыматтар:

Бул маселе мэриянын тыкыр көзөмөлүндө болууда жана мыйзам чегинде чечүү багытында иш-аракеттер уланууда.

 

Exit mobile version