Site icon Reporter.kg

Бишкек мэриясы дээрлик 180 млн сомго мончо комплексин курат

Бишкектин мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы мончо-ден соолукту чыңдоочу комлекс курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Маалым болгондой, аталган комплексти 179 млн 592,5 миң сомго куруу пландалууда.

Тендер 12-декабрда жарыяланып, арыздар 27-декабрга чейин кабыл алынат.

Аталган комплекс Жибек-Жолу проспектисинде жайгашат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version