Бишкек мэриясы: Калаада 46 жаштагы аял үч эм төрөдү — фото

Бишкек мэриясы: Калаада 46 жаштагы аял үч эм төрөдү — фото

Бишкектеги №4 перинаталдык борбордо 3 эм жарыкка келди. Ымыркайлардын апасы 46 жашта. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Үч эмдин экөө кыз, бирөө уул.

«Айнура Жайнакова 2 кыз (1 килограмм 75 грамм жана 1 килограмм 27 грамм) жана 1 уулду (1 килограмм 45 грамм) жарыкка алып келди. Дарыгерлер эненин абалы жакшы экендигин жана балдары убактылуу жаңы төрөлгөн ымыркайларга ылайыкталган бөлүмдө жатканын айтышты», — деп жазылат мэриянын маалыматында.

Алардан Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Рейна Султанмуратова менен Октябрь акимиатынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Зарема Өмүрзакова келип, кабар алып кетишкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>