Site icon Reporter.kg

Бишкек: Мэрия “Мыкты шаар” долбооруна сынак жарыялады

Сынак ушул жылдын 1-июнуна чейин шаардыктарды жана уюмдарды жагымдуу шаардык чөйрөнү түзүүгө кеңири тартуу, шаардын актуалдуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн дем берүүчү мыкты инструменттерди аныктоо, алдыңкы тажрыйбаларды жана демилгелерди киргизүүнүн системалуу механизмин түзүү максатында өткөрүлөт. Бул туурасында Бишкек мэриясынан билдирди.

Маалыматка караганда, сынакка катышуу үчүн арыздар жеке адамдардан да, демилгелүү топтордон да, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардан да кабыл алынат. Бир талапкерден бир долбоор гана болушу кажет.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөрдү камсыз кылуу керек:

— сынакка катышууга арыз

— Microsoft Power Point форматында долбоордун презентациясы;

— долбоордун бюджети, өз салымы жөнүндө маалымат (бар болсо);

— жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук берүү;

— Долбоордун сыпаттамасына иллюстрациялар, эсептөө схемалары, рецензиялар тиркелиши мүмкүн

Сынакта байгелүү орундарга ээ болгон катышуучуларга акчалай сертификаттар ыйгарылат:

— 1-орун — 100 миң сом (2 орун);

— 2-орун — 80 миң сом (2 орун);

— 3-орун — 50 миң сом (2 орун).

Конкурстук арыздар төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:

1) долбоордун темасынын актуалдуулугу, идеянын жаңылыгы;

2) долбоордун негиздүүлүгү, анда жалпы жана конкреттүү максаттарды, максаттуу аудиторияны же долбоор багытталган секторду, долбоордун өбөлгөлөрүн (баштоо себептерин) (ушул идеянын пайда болушуна байланыштуу), долбоорду ишке ашыруудан чечиле турган көйгөйлөр;

3) долбоордун максатка ылайыктуулугу (долбоорду ишке ашыруудан күтүлгөн чыгашалардын жана күтүлгөн пайданын катышын аныктоо, тобокелдикти талдоо — укуктук, убакыт, ресурстук);

4) максаттарга жана күтүлгөн натыйжаларга ылайык келген долбоорду ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын болушу;

5) долбоордун бюджетинин сыпаттамасы;

6) долбоордун инвестициялык жагымдуулугу.

Борбор калаанын мэриясы жарандарды сынакка катышууга чакырат.

Арыздар Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы экономика жана инвестициялар башкармалыгы тарабынан Жибек-Жолу проспектиси №328 дареги боюнча кабыл алынат, суроо үчүн телефондор: (0312) 66-08-94, (0312) 66-09-31.

 

Exit mobile version