Бишкек мэриясы Азия өнүктүрүү банкынан 350 автобус сатып алуу үчүн насыя алышы мүмкүн

Бишкек мэриясы Азия өнүктүрүү банкынан 350 автобус сатып алуу үчүн насыя алышы мүмкүн

Бишкек мэриясы 350 автобус сатып алуу үчүн насыя алышы мүмкүн. Бул тууралуу шаар башчылары Азия өнүктүрүү банкынын өкүлү менен жолугушканда маалым болду.

«Азия өнүктүрүү банкы жыл аягына чейин Бишкек мэриясына 50 миллион доллар насыя бериши мүмкүн.  Калаа бийлиги бул каражатка электр энергиясы менен жүргөн 350 автобус сатып алууну пландап жатат. Автобус сатып алуу тууралуу долбоорду Каржы министрлиги жактырды. 2019-жылы мэрия Кытайдын Yutong компаниясынан газ менен жүргөн 60 автобус сатып алган. Алардын ар бири үчүн 72 миң доллардан төлөнгөн», — деп маалымдалды.

Жалпысынан Бишкекте күн сайын 250гө жакын автобус жана троллейбус, ошондой эле 2 миңден ашык кичи автобус каттамдарга чыгышат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>