Site icon Reporter.kg

Бишкек мэриясы берген мобилдик үйлөр Баткенге бара жатат

Бишкек шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган 50 мобилдик үйдү Баткен облусуна жеткирүү Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, 40 тонналык контейнерлерден жылуулап жасалган мобилдик үйлөрдү жеткирүү Ички иштер министрлиги менен биргеликте аткарылат. Тактап айтканда, оор жүк ташуучу тралл унааларын камсыздап беришет. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жерине жеткирүүнү уюштуруп, күйүүчү май менен камсыздашууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version