Site icon Reporter.kg

Бишкек мэриясы: Коомдук транспорттун катышуусунда жол кырсыгынан жабыркагандар камсыздандырылат

Бишкекте 14-декабрда автобус, троллейбус жана эки автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Андан 8 киши жаракат алган. Жол кырсыгынан жаракат алгандарды шаар бийлиги тарабынан алардын дарылануусу камсыздандырылат.

Шаардын вице-мэри Азиз Алымкулов бүгүн эртең менен Бишкек шаардык №4 ооруканада жаткандардан кабар алып келген.

«Муниципалдык транспорттун ар бир коомдук унаасы камсыздандырылган. Ошондой эле андагы ар бир орундуктар жыл сайын камсыздандыруудан өтөт. Учурда жол кырсыганан жабыркаган жарандар жана камсыздандыруу компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бардык документтер даярдалып бүтөрү менен камсыздандыруу компаниялары компенсанция төлөп беришет»,- деп маалымдады ал.

Эскерте кетсек, кырсык 14-декабрда Гагарин жана Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анын кесепетинен 8 киши жабыркаган. Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа менен троллейбус жөө адамдарды өткөрүп, токтоп турган. Ошол маалда №6 автобус троллейбусту сүзүп, ал автобуска Форд Фокус үлгүсүндөгү автоунаа келип урунган. Кырсыктан жабыркагандар №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочуларга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, бир жүргүнчүнүн абалы оор деп айтылган.

 

Exit mobile version