Бишкек мэриясы коронавирустун жайылуу коркунучунан улам катуу даярдык көрүү режимин киргизди. Бул тууралуу шаар бийлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ал үчүн бир катар чектөөлөр киргизилди.
- Кырдаалды жөнгө салуу үчүн жогорку даярдыкта болуу.
- Театр, спорт комплексттер, компьютердик клубдардардын ишин 6-апрелге чейин убактылуу токтотуу.
- Оюн-зоок борборлорунун, жана соода-саттык дүкөндөрүнүн ишине чектөө коюу.
- Массалык иш-чараларды өткөрбөө.
- Ар бир райондун башчылары эл менен тыгыз иштөөсү милдеттендирилди.