Бишкек мэриясы кышка даярдык көрүп баштады

Бишкек мэриясы кышка даярдык көрүп баштады

Бишкекте 2021-2022-жылдагы жылытуу мезгилине даярдыктар көрүлүп баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Бишкек жылуулук энерго» ишканасы жылытуу мезгилинде буу казандарын жана жылуулук тармактарын кийинки жылытуу мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралардын планына ылайык оңдоо жүргүзүүдө. Эскилиги жеткен 2,5 чакырым жылуулук тармактары алмаштырылат, жылуулук тармактарындагы жана буу казандарындагы өчүрүүчү шайманы оңдолот.

Буу казандарын, көмөкчү жабдууларын (түтүн чыгуучу түтүктөр, желдеткичтер, жылуулук алмаштыргычтар, насостор, химиялык суу тазалоочу жабдуулар, электр жабдуулары, газ жабдуулары, приборлор) оңдоо каралган.

Мындан тышкары, буу казандардын имараттарын оңдоо пландаштырылууда. Ошондой эле жергиликтүү  3,6 миң тонна көмүрдү сатып алууга тендер жарыялоо пландаштырылып жатканы кабарланат.

Жалпысынан жылытуу иштерине жана даярдык иштерине болжол менен 30 миллион сом шаардык бюджеттен каралган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>