Бишкек мэриясы Кытайдан 100 автобус сатып алат

Бишкек мэриясы Кытайдан 100 автобус сатып алат

Бишкек шаардык мэриясы Кытайлык компаниядан  100 автобус сатып алат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, шаар башкармалыгы газ менен жүрүүчү автобустарды алуу үчүн кышында сынак жарыялап, ага кытайлык беш компания жана Орусия менен Белорустун бирден компаниялары катышкан.

Сынактын жыйынтыгы менен кытайлык Xiamen king long united automative industry Co., Ltd компаниясы жеңишке ээ болуп, автобустарды алып келмей болду.

Жаңы автобустарды сатып алуу үчүн бюджеттен 650 миллион сом каралган.

Автобустар заводдон 2020-жылы чыккан. Унаадагы отургучтардын саны 26дан кем эмес болуп, ага 70тен көп адам батат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>