Бишкек мэриясы майрамдык иш-чаралардан үнөмдөлгөн 4 млн сом каякка жумшаларын айтты

Бишкек мэриясы майрамдык иш-чаралардан үнөмдөлгөн 4 млн сом каякка жумшаларын айтты

Бишкекте коронавирустун алдын-алуу максатында ири иш-чаралар токтотулган. Шаар бийлиги майрамдарды өткөрүүгө бөлүнө турган каражаттар каякка жумшала турганын айтты.

«Ушул жылдын 8-март Аялдардын эл аралык күнүн куттуктоого шаардык бюджеттен 2 млн. 200 миң сом каралган, ал эми «Ала-Тоо» аянтында өткөрүлө турган Ноорузга 2 млн сом бөлүнгөн. Жалпы 4 млн 200 миң сом шаар бийлигинин казынасында калат. Бул каражат алдыда боло турган борбордун башка майрамдык иш-чараларына жумшалат», — деп маалымдашты мэриядан.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылда Бишкек шаардык мэриясы 17 ири иш-чараларды өткөрүүнү пландаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>