Бишкек мэриясы орус блогери Илья Варламовго рахмат айтты, – сүрөт

Бишкек мэриясы орус блогери Илья Варламовго рахмат айтты, – сүрөт

Бишкек шаары тууралуу атайын берүү даярдаган орус блогери Илья Варламовго Бишкек мэриясынын кызматкерлери ыраазычылык билдиришти.  Алар “Варламов рахмат” деген жазууларды көтөрүп түшкөн сүрөттөрүн интернет айдыңына жарыялашты.

Бул иш-чарага шаар мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетовадан тартып, басма сөз катчыларына чейин катышкан. 

[su_image_carousel source=»media: 41186,41185,41184,41182,41181,41180,41179″ crop=»none» autoplay=»4″]

Бирок белгилей кете турган нерсе аталган берүүдө орус блогери Бишкек мэриясын катуу сынга алып, “шаар тургундарына өтө жаман мамиле кылат экен” деп баа берген.

Ал өз берүүсүндө Бишкек тууралуу бар болгону “жакшы адамдар жашайт экен” деген гана жакшы пикирин айткан. Ал эми шаар курулушунан баштап, көчөдөгү айдоочуларга чейин анын кемсинтүүсүнө, ачуу сынына кабылган эле.   

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>