Site icon Reporter.kg

Бишкек мэриясы өз дарегине карата социалдык тармактардагы маалымат чабуул жөнүндө билдирди

Бишкек шаардык мэриясы социалдык тармактарда алардын дарегине карата максаттуу маалымат чабуулу жүрүп жатканын жарыялады. Бул тууралуу расмий маалымат мэриянын басма сөз кызматы тарабынан таратылды.

“Бир күндө ондогон фейктер чыгат. Бул заказдык өнөктүк экени ачык эле көрүнүп турат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Мэриянын маалыматына ылайык, негативдүү пикирлердин көбү фейк аккаунттар аркылуу жайылтылып жатат. Алардын арасында сүрөтү жок, жабык профилдерден чыккан, бир нече топторго бир эле шаблондук билдирүүлөрдү жайгаштыруу көрүнүштөрү байкалган. Мэрия бул фактылар боюнча доказ видеоматериалдар даяр экенин билдирди.

“Бул элдин кыжырдануусу эмес, ачык эле тартип. Шаарда өзгөрүүлөр болуп, оор, бирок керектүү чечимдер кабыл алынып жатканда, өз кызыкчылыгын жоготуп жаткандар тынчсыздана баштайт”, — деп кошумчалады мэрия.

Маалыматка ылайык, шаар жетекчилиги мындай аракеттерге карабастан реформаларды уланта берерин белгиледи.

Exit mobile version