Site icon Reporter.kg

Бишкек мэриясы шаардагы көйгөйлөр боюнча кайда кайрылуу керектигин айтты

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы шаар тургундарына көрктөндүрүү маселелери боюнча кайда кайрылса болорун эскертти.

Авариялык бак-дарактар ​​боюнча «Бишкекзеленхоз» муниципалдык ишканасына 32-62-33, 0504210600 номурлары аркылуу кайрылса болот.

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы тейлеген абоненттер үчүн ишкананын ишеним телефондору:

-0312 21-28-44 — диспетчердик кызмат, арыздарды саат 8:00дөн 17:00гө чейин кабыл алат;

— 0312 21-29-06 — күнү-түнү иштеген диспетчердик кеңсе;

— 0701 777-110 — What`sApp номери.

Муниципалдык унаа токтоочу жайлардын иштеши боюнча суроолор болсо 65-69-21, 0704-418-985 телефондоруна кайрылса болот.

Көчөдөгү жарыктар өчүп калган учурда «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын авариялык-диспетчердик кызматына кайрылуу керек: 0312 463 089, 0312 576 351, WhatsApp: 0777 902 115.

Санитардык-экологиялык инспекция санитардык нормаларды жана жакшыртуу эрежелерин бузуу маселелери боюнча:

— Свердлов району боюнча: 0551551745;

— Октябрь району боюнча: 0505523832;

— Биринчи Май району боюнча: 0555404818;

— Ленин району боюнча: 0554222213.

Жол белгилеринин жана жол сызыктарынын абалына байланыштуу суроолор «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына тиешелүү:

— 0312377657 диспетчердик кызмат (09:00-17:30 иштейт);

— жетекчинин жеке кабыл алуусуна жазылуу үчүн — 0312377717;

— WhatsApp номери: 0550888162 (сүрөт жана видео үчүн).

Суу менен камсыздоо жана канализация боюнча бардык суроолорду “Бишкексууканал” ЖАКтын бирдиктүү маалымат борборуна: 1533 телефону боюнча кайрылууга болот.

Жолдорду жана тротуарларды муздан тазалоо, шаардын турмушундагы бардык маселелер боюнча колл-борборуна чалуу керек: 1840, 1850, фото жана видеолорду WhatsApp: 0554 182185 номерине жөнөтсө болот.

Exit mobile version