Бишкек мэриясы жаңы жылдык фейерверктер үчүн 800 миң сом бөлгөн

Бишкек мэриясы жаңы жылдык фейерверктер үчүн 800 миң сом бөлгөн

Бишкек шаардык мэриясы жаңы жыл майрамына карата фейерверктер үчүн 800 миң сом бөлгөн. Бул тууралуу калаа башчысынын кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирген.

“Салюттарды сатып алуу үчүн тендер өтүп, жеңүүчүсү аныкталып калган соң андан баш тартууга мүмкүн болбой калды”, — деген Алмамбетова.

Буга чейин Бишкек шаарын кара түтүн каптап жаткандыгына байланышту,  активисттер жаңы жылда салют жардырбоо чакырыктары менен акция өткөрүшкөн.

Белгилей кетсек, быйыл жаңы жылга карата борбор калааны жасалгалоо үчүн 5 миллион сом бөлүнгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>