Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду, деп билдирди аталган ведомствонун басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, Бишкек мэриясынын Өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин директору болуп Молдокулов Курманбек Токторович дайындалды.
Ошондой эле “Бишкекжашылчарба” муниципалдык мекемесинин башчылыгына Доулбеков Нурлан Турсуналыевич дайындалды.
Тиешелүү буйруктарга Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.