Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Калаа башчысынын буйругу менен вице-мэрлер Жамалбек Ырсалиев жана Таалайбек Байгазиев кызматтарынан бошотулуп, алардын кызматы жоюлду.
Мындан ары отун-энергетика комплекси (ОЭК) жана транспорттук блок боюнча мэрдин орун басарынын функциялары:
– ОЭК департаментинин директору Нурсултан Курманбековго,
– Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүм департаментинин директору Улан Бейшенбаевге өткөрүлүп берилди.
Ошондой эле Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Б. Шеримбеков кызматтан алынып, анын ордуна Т. Бекбоев дайындалды. Ал буга чейин Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгында орун басар болуп иштеген.
Ал эми, Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев кызматтан бошотулуп, анын ордуна Октябрь районунун мурдагы акиминин орун басары Тариел Айтиев дайындалды.