Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти жоюлду. Департаменттин функциялары мэриянын борбордук аппаратына өткөрүлүп берилди, ал кызматкерлери мэриянын башка кызматтарына ишке алынат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул чечим «муниципалдык башкаруу системасын түп-тамырынан бери реформалоо» аракеттеринен улам кабыл алынган.
Мэриянын маалыматында, мэрдин буйругу менен аталган департаментте текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында муниципалдык мүлктү натыйжасыз пайдалануу, ижара мамилелерин түзүүдөгү көптөгөн мыйзам бузуулар, чечим кабыл алууда ачык-айкындуулуктун жоктугу, ошондой эле ишкерлерден жана шаар тургундарынан түшкөн даттануулар аныкталган. Мындан улам аны жоюу чечими кабыл алынган.
«Бишкек шаарынын мэринин демилгеси менен «Эрежелерди жана катышуучуларды алмаштыруу» принцибинин негизинде муниципалдык башкаруу системасын түп-тамырынан бери реформалоо башталды. Мындай ыкма коррупциялык схемаларды толугу менен жоюуга жана шаардык активдер менен иштөөнүн принципиалдуу жаңы системасын түзүүгө багытталган. Өзгөртүүлөрдүн алкагында кадр саясатын толук кайра карап чыгуу жүргүзүлөт: мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү бардык негизги кызмат орундары жаңы адистер менен алмаштырылат, башкаруучулардын командасы түзүлөт»,- деп айтылат маалыматта.