Site icon Reporter.kg

Бишкек мэриясынын жетекчи кызматкери пара менен кармалды

Пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын (ККБ) башчысынын орун басары кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  Бишкек шаарынын мэриясынын ККБ башчысынын орун басары “У.У.К.” тарабынан Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарынын милдеттерин аткаруучу болуп иштеп турган кезде 45 миң АКШ доллары акча каражатын опузалап алуу фактысы аныкталды.

2021-жылдын 6-декабрында бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, “У.У.К.” КР Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Exit mobile version