Site icon Reporter.kg

Бишкек: Милицияга дагы эки жерде бомба коюлганы маалымдалды

Милицияга Бишкектеги Red Centre соода борборунда жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат түштү. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат милицияга саат 15:45те келип түшкөн.

Окуя жерине милиция кызматкерлери барып, соода борборундагы адамдар сыртка чыгарылып, айланасы курчоого алынган.

Учурда жеринде ИИМдин кинологдору тиешелүү иштерди алып барууда.

Эскерте кетсек, аталган имаратта 24.kg маалымат агенттигинин басылмасы жайгашкан.

Ошондой эле Kaktus.media басылмасы, милицияга алар отурган алты кабаттуу бизнес борбордун имаратында (Тыныстанов көчөсү) да жардыруучу зат коюлганы тууралуу кабар түшүп, имараттын ичиндеги адамдар эвакуацияланганын билдирди.

Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматы окуя жеринде укук коргоо органдары иш алып барып жатканын, кийинчерээк кошумча маалымат берилерин белгилешти.

Эскерте кетсек, буга чейин милицияга Бишкектеги 5 мектепке жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат түшүп, окуучулар менен мектепте иштегендер эвакуацияланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version