Бишкек милициясы 52 кг баңгизатты жок кылды – видео

Бишкек милициясы 52 кг баңгизатты жок кылды – видео

Бишкекте 52 кг баңгизаты жок кылынды. Бул тууралуу борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында атайын мештерге 52 килограмм 393 грамм баңгизат өрттөлүп жок кылынды. Бул баңгизаттар кылмышкерлерден мыйзамсыз алып жүргөн учурларда тартылып алынган.

Баңгизаттарын жок кылууга милиция кызматкерлеринен тышкары, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, сот түзүмүнүн жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышкан.

Бишкек милициясы жарандарды эгер мыйзамсыз жүгүртүүдөгу баңгизаты тууралуу маалымат билишсе дароо 102 номуруна кабарлоо керектигин эскертет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>