Site icon Reporter.kg

Бишкекте милиционер 33 кг баңгизат уурдоого шектелүүдө

Бишкек шаарында милиция кызматкерине карата баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоого шектелүүдө.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан РИИБдин сактоочу жайында жүргүзүлгөн текшерүүдө, кылмыш иши боюнча буюм далил катары табылган 33 кг 850 гр. түзгөн “каннабис чайыры” (гашиш) уурдалгандыгы аныкталган.

Маалыматка караганда, аталган факты боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын буюм далилдеринин сакталышы үчүн жооптуу кызмат адамы, милициянын старшинасы М.С. кармалган.

Ал буюм далил катары табылган 33 кг 850 гр. түзгөн “гашиш” баңги затын уурдап алып, өзүнүн жасаган кылмышын жаап-жашыруу максатында баңги заттын ордун толуктоо үчүн башка төмөн сапаттагы 23 кг. 624 гр. 189 мг. салмакты түзгөн баңги заты менен алмаштырып, калган жетпей калган баңги заттын ордуна таш жана бетондун калдыктарын салып койгон.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен милициянын старшинасы М.С.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренесинин (“Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу”) жана 283-беренесинин (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо”). негизинде айыбы угузулуп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кароо үчүн жиберилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version