Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Кубакы ашуусунда Mercedes-Benz S211 жана Toyota Highlander үлгүлөрүндөгү автоунаалар кагышып, бир аял каза тапты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя 1-июнга караган түнү саат 00:13тө болгон.
Кырсыктын кесепетинен 5 адам жабыркап, 1 аял киши каза болгон. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар маркумдун жансыз денесин унаадан алып чыгышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.