Site icon Reporter.kg

«Бишкек-Ош-Бишкек» авиа каттамы күнүнө эки жолу жүргүзүлөт

12-июндан тарта «Бишкек-Ош-Бишкек» багыты боюнча каттам күнүнө эки жолу жүргүзүлөт. Каттамдарды «Тез Джет» ата мекендик авиакомпаниясы ишке ашырат. Бул тууралуу «Манас» Эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирет. 

Каттамдардын жүгүртмөсү (учуу)

— Бишкектен – 08:00; Оштон – 09:30 (таңкы каттамдар);
— Бишкектен – 15:15; Оштон – 16:45 (күндүзгү каттамдар).

Авиабилеттерди сатып алуу боюнча жүргүнчүлөр алдын-ала авиакомпаниянын өкүлчүлүгүнө кайрылуу керек.

Эскерте кетсек, аэропорттордун терминалдарына кирүүгө уча турган жүргүнчүлөргө гана уруксат, аларда коргоочу беткап жана билеттери болушу керек. Бардык жүргүнчүлөр кире бериштен термометрден жана дезинфекциялык туннелден өтүшөт. Социалдык аралыкты сактоо үчүн аэропорттордо атайын белгилер бар.

Exit mobile version