Бишкек-Ош унаа жолу түнкүсүн жабылат

Бишкек-Ош унаа жолу түнкүсүн жабылат

25-26-февраль күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мындан улам Бишкек-Ош унаа жолуна чектөө киргизилет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Мындан улам Чүй облусунун Жайыл районунун “Сосновка” жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун “Арал” өткөрмө бекеттеринде саат 22:00дөн тартып таңкы саат 06:00гө чейин унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилет.

ӨКМ алыскы сапарга чыгуудан баш тартууну сунуштайт.

Рубрики: КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>