Site icon Reporter.kg

Бишкек-Ош жолун кардан тазалоо иштери жүрүүдө

Бишкек-Ош жолу  ачык, учурда жааган жука карды тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу  Транспорт жана жол министрлигинен билдиришти. 

Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында калыңдыгы 10 сантиметрдей кар түшкөн. Жол кызматкерлери кум-шагыл төгүп, тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Учурда автоунаа тыгыны жок, жолдор өз убагында тазаланып, Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары аркылуу машинелердин токтоосуз өтүүсүнө толук шарт түзүлгөн.

Буга байланыштуу министрлик айдоочуларды тийиштүү аралыкты сактап, алыс жолго чыгаарда автоунааларын техникалык абалын жакшылап текшерип алууга чакырат. 

Exit mobile version