Site icon Reporter.kg

Бишкек-Ош унаа жолунда 750 метрлик тоннелдин курулушу башталды

19-июнда Бишкек — Ош унаа жолундагы 750 метрлик тоннелдин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, тоннель аталган унаа жолдун 400-чакырымына салынат.

Министр Абсаттар Сыргабаев узундугу 750 метр болгон тоннелдин курулушу заманбап жапон технологияларын колдонуу менен жүзөгө ашырыла турганын белгиледи.

“Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирип турган негизги жолдун басымдуу бөлүгү тоолуу аймактар аркылуу өтөт. Мындан улам министрлик үчүн башкы милдет жол тармагын өнүктүрүү, жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Белгилүү болгондой, бүгүн курулушу башталып жаткан Бишкек–Ош автожолунун долбоордук тилкесинде да аскалардан таш кулоо коркунучу жогору. Мындай шартта эң ылайыктуу чечим – тоннель куруу болуп эсептелет»,- деп билдирди ал.

Ошондой эле министр буга чейин Жапониянын Takenaka Civil Engineering & Construction компаниясы менен келишимге кол коюлганын кошумчалады.

Exit mobile version