Site icon Reporter.kg

Бишкек — Ош унаа жолунда айрым унааларга чектөө киргизилди

Бишкек — Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын облустук өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-март күнү саат 09:30дан баштап, аба ырайынын кескин түрдө өзгөргөндүгүнө жана Ала-Бел жана Чычкан капчыгайында кардын тынымсыз жаап жатканына байланыштуу, Бишкек — Ош унаа жолунун 272 чакырымында жайгашкан «Арал» стационардык посттунан оор жана кооптуу жүк ташуучу автоунаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилген.

Учурда жол тейлөө ишканалары тынымсыз иш алып барып жатканы айтылат.

Exit mobile version