Бишкек-Ош жолунда бир топ жерге кар көчкү түштү

Бишкек-Ош жолунда бир топ жерге кар көчкү түштү

Бишкек-Ош унаа жолунун 4 жеринде көчкү түшүп, унаа жол бир тараптуу жабылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 207-чакырымында көлөмү 3660 м3 кар, экинчи жерде 600 куб метрди түзөт. Жолдун бир тарап жагын жаап калган кар көчкүнүн көлөмү 1530 куб метрди түзөт. Ал эми үчүнчү жерине 105 куб метр кар көчкүсү түшүп, жолго жеткен эмес.

Ошондой эле 208-чакырымында дагы кар көчкү түшүп, жалпы көлөмү 105 куб метрди түзөт, жолго жеткен эмес.

207 чакырымдагы жолду тазалоого №9 Жол тейлөө иш канасынан 1 кар жүктөгүч тартылып, саат 12:00дө жол толугу менен тазаланган.

Кар көчкүдөн жабыркагандар жок экени айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>